Акыркы жылдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү
өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн
машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба
техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып
жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында
жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды
түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунун негизинде «Айыл
Банк» ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл
чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат.
Мындан тышкары банктын өзүнүн коммерциялык эки долбоорлору
аркылуу дыйкандарга лизинг кызматын көрсөтүп жатат.
ОАО “Айыл Банк” аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге
дан эгиндерин, оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү
тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген
шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке
берүүдө. 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 15,5
млрд. сомго 6343 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга
берилди, ал эми 2024-жылдын май айынын башына карата 1,4 млрд. сомго
429 техника берилди.
Жогорудагы долбоорлордун бардыгына Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор
болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү
аркылуу ишке ашырылып жатат.
Түрлөрү боюнча:

  • Трактор – 254 (мамлекеттик лизинг – 253 даана., Айыл-Банк лизинг – 1
    даана)
  • Комбайн – 4 (мамлекеттик лизинг – 3 даана., Айыл-Банк лизинг – 1
    даана)
  • Өнөр жай / кайра иштетүүчү жабдуулар – 1 (Айыл-Банк лизинг – 1 даана)
  • Тиркеме / чиркегич жабдуулар-71 (мамлекеттик лизинг – 67 даана, Айыл-
    Банк лизинг – 4 даана)
  • Атайын техника — 99 (Айыл – Банк лизинг-99 даана)
  • Бодо мал – 169 баш
    Облустар боюнча:
  • Бишкек шаары-48
  • Чүй — 113
  • Ысык-Көл-52
  • Ош — 132
  • Жалал-Абад-70
  • Талас — 119
  • Нарын-43
  • Баткен — 21

От admin