Иран парламентинин тийиштүү комитети хижабга байланыштуу мыйзамды бузгандар үчүн жазаны катаалдаткан эрежени жактырды. Эми жогорку лидер Али Хаменеи дайындаган ислам диниятынын мүчөлөрүнөн жана юристтерден турган Конституция коргоо кеңешине сунушталат.

CNN мурда кабарлагандай, мыйзам долбоорунда хижаб кийүүдөн баш тарткан аялдарга 360 миллион риал же 7800 евродой айыппул салуу жана 10 жылга чейин эркинен ажыратууну караган 70 берене камтылган.

Азыр Иранда бардык аялдардын башын жана моюнун жаап жүрүүсүн талап кылган мыйзам бар. Адеп-ахлак полициясы эреженин сакталышын көзөмөлдөп, тартип бузгандарды көчө камералары аркылуу табат. Буга чейинки мыйзамды бузгандарга 10 күндөн эки айга чейинки камак каралган.

Былтыр сентябрда 22 жаштагы студент кыз хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалгандан кийин көз жумган. Анын өлүмү өлкөдө жапырт нааразылык акцияларына себеп болгон. Демонстрацияларда жүздөгөн адам өлүп, айрымдарын бийлик дарга асты.

От admin