Саудиялык чек арачылар Эфиопиядан келген жүзгө жакын мигрантты өлтүрүштү. Human Rights Watch укук коргоо уюмунун баяндамасында чек арачылар аларды атып, жардырып, сабап өлтүрүшкөнү айтылат.

Укук коргоочулар 2022-жылдын мартынан 2023-жылдын июнуна чейин Йемен аркылуу Сауд Арабиясына кирүүгө аракет кылган 38 эфиопиялык мигрант менен маектешкен. Баяндаманын авторлору мындан тышкары жүздөгөн видео, фото жана спутниктен тартылган сүрөттөрдү талдап чыгышкан.

Мигранттар HRW уюмуна Саудиянын чек арачылары аларга мылтык жана минометтон ок чыгарганын айтып беришкен: 14ү буларды жакын жерден көргөнүн же өздөрү жарадар болгонун айтышкан. Чек арачылар аман калгандарды таш жана темир союлдар менен сабашкан. Мигранттардын бири, 17 жаштагы баланын айтымында, чек арачылар аны жана аман калган башка мигранттарды эки кызды зордуктоого мажбурлап, андан баш тарткан адамды өлүм жазасына тартышкан.

HRW уюму менен маектешкендер аялдардын, эркектердин жана балдардын жерде жаткан сөөктөрүн көрүшкөнүн, алардын айрымдары жиликтенген айтып беришкен.

HRW 2014-жылдан бери сауд-йемен чек арасында мигранттардын өлтүрүлүшүн документтер менен тастыктап келет: эфиопиялыктар мекенинде адам укуктарынын бузулушунан жана экономикалык себептерден улам Сауд Арабияга чыгып кетишүүдө. Укук коргоочулар чек арадагы адам өлтүрүүлөр бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканын айтышууда.

HRW Сауд Арабиясын мигранттарды өлтүрүүнү токтотууга, башка өлкөлөрдү күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууга, ал эми БУУну бул кырдаалды иликтөөгө чакырат.

От admin