19-августта Багдаддын эл көп чогулган көчөсүндө илинген чоң экран күтүлбөгөн жерден жарнаманын ордуна порно тасманы көрсөтө баштаган. Буга байланыштуу бийлик борбор калаадагы бардык электрондук көрнөк-жарнактарды убактылуу өчүрдү. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Мусулман өлкөсү болгон Ирактын борбору үчүн мындай адаттан тыш окуяны тургундар видео жана сүрөттөргө тартып алышып, ал социалдык тармактарга тез эле тарап кеткен.

Полиция шектүүнү кармап, ал Багдадда электрондук көрнөк-жарнактарды иштеткен фирмада техник экенин жарыялады. Ал фирма менен каржылык талаш-тартыш жаратып, өч алуу үчүн жарнаманын ордуна порнону экранга чыгарган.

Франс Пресс агенттиги Ирактын укук коргоо органдарындагы булагына таянып кабарлагандай, экрандагы порно видео коопсуздук күчтөрү келип, кабелди кескиче бир нече мүнөт көргөзүлгөн.

20-августта Багдаддын бийликтери бардык электрондук көрнөк-жарнактарды өчүрүүнү чечти.

Адистер мындай окуялардан кантип камсыздандырууну аныктамайынча алар иштебейт.

От admin