Караганды облусундагы «Казакстан» шахтасындагы өрттөн кийин бешинчи шахтердун сөөгү табылды. Бул тууралуу 20-августка караган түнү «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы кабарлады.

Кырсыкта каза болгондордун эң жашы 27 жашта, Улуусу 58 жашта болгон. Алардын алды шахтада 39 жыл иштеген.

17-август күнү эртең менен аталган шахтада өрт чыгып, жер астындагы 227 кенчинин 222си жер үстүнө чыгарылып, калгандары изделип жаткан. «Казакстан» шахтасында куткаруу операциясынын үчүнчү күнүндө бешинчи шахтер Илья Старовойттун сөөгүн табылган.

Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, конвейер лентасы өрттөнүп, 5 адам коюу түтүн жана жогорку температурадан улам шахтадан чыга албай калган.

«Казакстан» шахтасы — Караганды облусунун Шахтинск шаарында жайгашкан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын сегиз шахтасынын бири. Ал жерден көмүр казылат. Бул 1957-жылы түптөлүп, 1969-жылы ишке берилген аймактагы эң эски шахталардын бири.

Былтыр ноябрда ушул эле компанияга караштуу Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болгон.

От admin