16-июнда Бишкек шаарында жашаган жаш үй-бүлөдө салмагы 5 килограмм 130 грамм болгон тун уул төрөлгөндүгү маалым болгон. Буга байланыштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери үй-бүлөнү куттуктап, салтанаттуу түрдө жаңы төрөлгөн баатырга Туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырышты.

​Жаңы төрөлгөн тун уулга ата-энеси Алим деген ысымды ыйгарды.

Статистикага ылайык, 2022-жылы 147 миңге жакын төрөт катталган, анын ичинен 1742 ымыркай 5 килограмм ашык салмакта төрөлгөн. Аймактар боюнча алганда, Жалал-Абад облусунда «баатыр» балакайлар көп жарык дүйнөгө келет.

От admin