Уй этинин баасы июнь айында 1,57 сомго, 551,45 сомдон 553,02 сомго кымбаттады. Жыл башынан бери ал 10,04 сомго көтөрүлдү.

Улуттук статистикалык комитети билдиргендей, жыл башынан бери Кыргызстанда кой этинин баасы орто эсеп менен 7,71 сомго кымбаттады. Эгерде 31-майда кой этинин баасы 589,18 сом болсо, июнь айынын орто ченинде анын баасы 596,89 сомго жеткен. Жыл башынан бери кой эти 68,66 сомго, же 13%га кымбаттады. 

Жылкы эти биринчи айда бир аз арзандады (99 тыйынга). Май айынын аягында 484,75 сомдон сатылса, азыр өлкө боюнча орточо эсеп менен 483,76 сомдон сатылууда. 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу жылкынын эти 16,58 сомго жогорулады.

От admin