Кыргызстандан барган таксист Исламбек Касымжан уулу Санкт-Петербургда жолдо өтүп бараткан киши менен биргеликте келиндин көз жаруусуна жардам берген. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 3-август күнү эртең менен Исламбек Касымжан уулу төрөт үйүнө кош бойлуу келинди күйөөсү менен жеткирип келе жаткан. Бир аз жүргөндөн кийин келин толгото баштаган. Айдоочу «аварийкасын» күйгүзүп, ылдамдыкты көбөйтүп, белги берип, кол булгалап, терезесинен башын чыгарып кыйкырып, айтор, төрөт үйүнө жеткен.

Бирок адашып имараттын арт жагында шлагбаум менен тосулган эшигине келип алган. Келиндин күйөөсү дарыгерлерге чуркап кеткенден кийин аял төрөй турган болуп калган. Айдоочу жолдон өткөндөрдөн жардам сурап, бир эркек киши кайрылган. Доктурлар келгенге чейин төрөлгөн ымыркайды Исламбектин күрмөсүнө ороп, энесине карматышкан.

29-жаштагы Исламбек Санкт-Петербург шаарында 2019-жылдан бери жашайт. Алгач такси кызматында иштеп жүрүп, пандемия башталгандан кийин автосервиске кирген.

От admin