ИИМ Ысык-Көлдөгү «Золотые пески» пансионатындагы 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча жарыялаган видео 2 жыл мурунку болуп чыкты. Бул тууралуу Спутник жазды.

«Бүгүн ИИМдин маалымат кызматы пресс-релиз таратып, расмий YouTube-каналына видеосун жүктөгөн. Анда Бостериде эс алып жаткан 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учуру катары көрсөтүлгөн. Аны көптөгөн ЖМКлар, анын ичинде биз да жарыялаганбыз. Бирок ал видео эски экенин байкадык. Ушул эле роликти эки жыл мурун Ысык-Көл ОИИБдин маалымат катчысы YouTube-каналына жүктөгөн. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган (скрин тиркелди).
Байкасаңыз, видеонун башында эски кадрды колдонуп, аягына Бостеридеги окуяга шектүүлөрдүн сүрөтү коюлган»
,-деп жазган Спутник басылмасы.

Sokol.media сайтына Ысык-Көл ОИИБден архивдик видео колдонулганын айтышты. «Кармоо учуру түндө өткөрүлгөндүктөн, кадрларда кармоо учуру жакшы көрүнбөй калган. Ал эми Бостеридеги эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөр кармалган», — дешти облустук милициядан.

https://youtu.be/gBusEHMAqhg

От admin