Борбор калаанын Свердлов районуна караштуу 14-август түнү саат 00:30 чамасында өрт чыккан. Такталган маалыматка ылайык, Орозбеков көчөсүндө жайгашкан «Эски толчок» базарынын аймагында курулуш материалдарды саткан 3 дүкөн, пластик терезе чыгарган 2 цех, 1 кийим саткан дүкөн күйгөн. ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн.
«Өрттү өчүрүүгө 1-Май райондук №8 ӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жана штаб, ИИМден 2 экипаж жана РЭТтен 1 бригада тартылып, жеринде иш алып барууда.
Тартылган күч-каражаттардын жардамында өрт саат өрт саат 01:32де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда»,
-деп билдирет ӨКМдин Басма сөз кызматы.

От admin