Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун болжол менен 346-348-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгү жана туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган. Тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.