Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Жумгалда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
«Издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да издөө иштери жүргүзүлүүдө,анткени Көкөмерен дарыясы бул районго да тез агып барат»,-деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин 16-октябрда ата-бала Жансар деген жайлоого кой кайтарганы кетип,кайра кайтышкан эмес.Акыркы жолу ошщол күнү байланышка чыгышкан.
18-октябрь күнү мал кошкону баргандар «Алардын тамактары желбептир,төшөктөрү салынбай,малдары чачырап кетиптир»,-деп айтып келишкен.Анын аты Көкөмерен дарыясынын жээгине өлүгү чыгып калган.19-октябрдан баштап издөө иштери башталганы менен бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык боло элек.