photo 5253651769844686442 w e1730090349428
8 / 100

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “KIRLand” компаниясынын KIR Pack – кагаз пакеттерди чыгаруучу ишканасынын базасында көчмө жыйын өткөрдү. 

Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тиешелүү жетекчилери, ошондой эле компаниянын башчылары катышты. 

“KIRLand” Кыргызстандагы 1995-жылдан бери иштеп жаткан офсеттик басма продукциясын чыгаруу боюнча ири ишканалардын бири болуп саналат. 

2019-жылдан бери компаниянын тутумунда KIR Pack ишканасы иштеп жатат. Анын өндүрүш жана кампа бөлмөлөрүнүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Бул жерде экологиялык таза продукция алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Боёкту дозалап берүү системасы аркылуу так сүрөттөр менен кагаз баштыктарды чыгаруу жолго коюлган. 

Бир сменада 30 миң даана пакет чыгарылат, пландаштырылган кубаттуулугу 40 миң даанага жетет. Өндүрүш ар кандай форматта жана көлөмдө кагаз баштыктар менен таңгактарды чыгарууга мүмкүндүк берет.

Жыйында мамлекет экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга артыкчылык берип жаткандыгы белгиленди. Министрлер Кабинети айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирген желим буюмдардан экологиялык таза кагаз буюмдарына этап-этабы менен өтүүнү жүзөгө ашырууда. Бул мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы. 

Мындан сырткары, Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча Президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгы да чыккан. Жарлыкка ылайык, Ысык-Көлдөгү абалды мисал катары колдонуу менен өлкөбүздүн бардык аймактарында желимден кагазга өтүү планы коюлган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында жогорку сапаттагы крафт-баштыктарды чыгарууда өндүрүш көлөмүн жогорулатуу, зарыл болгон кошумча жабдыктарды сатып алууга компанияга ар тараптуу көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Loading

От admin