Бүгүнкү күндө бул шоколад аябай хит болуп жатканы баарыбызга белгилүү.
Дубай шоколады блоггерлер жана атактуулар тарабынан макталып,сурооо талап күчөп жаткан кези. Бирок бул таттуу адамдын ден -соолугу үчүн да өтө кооптуу экенин дарыгерлер айтышууда.
Алар коопту учурлар болгонун айтып беришкенин казак басылмалары жазып чыгышты.
«Тилекке каршы,бир кыз дээрлик тренд десертти ооз тийгенден кийин денеси кычыша баштаган.Андан кийин ал муунуп,жөтөлгөн.Кийин көздөрү шишип,анан ал такыр эсин жоготкон.Аллергияны кайсы ингредиент козгогонун так айтуу кыйын,бирок бул окуя белгисиз курамы бар шоколадды көзөмөлсүз колдонуунун коркунучун ачык көрсөтүп турат»-деп белгиледи дарыгер.