Жогорку Кеңештин 24-октябрындагы жыйынында депутат Дастан Бекешев , дүйнөнү каптаган жаштар арасындагы «квадробика»субмаданияты боюнча маселе көтөрдү.
Депутат бул өспүрүмдөр арасында тенденция болуп жаткандыгын,Бишкектин мектептеринде өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин билим берүү жана илим министрлигине эртерээк колго алыш керектигин айтты.
«Азырынча бул чоң көйгөй эмес ,өспүрүмдөр арасында болуп жаткан тенденция .Мектептерде окуучулар жаныбарларга окшоп,ар кандай нерселерди каылып жатышат.Ошону ар бир мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек»-деди депутат.
«Квадробика»-«квадро»-төрт» аэробика»-гимнастика деген сөздөрдөн алынган . Аны расмий эмес спорттун түрү катары атап жүрүшөт. «Квадробика » менен алектенгендерди «квадробер»дешет. Алар төрт бутуу жаныбарларга окшоп кийинип, жүрүм-туруму туурашат. Көчөгө ит,мышык,коёндун маскасын тагынып,формасын кийип чыгып, төрт буттап басып,секирип,итче үрүп жүргөндөр бар.
Эске салсак,»квадроберлер» биздин коңшу өлкөлөрдүн көчөлөрүндө да байкалып,ал тургай адамдарга да кол салган учурлары кездешүүдө. Бул боюнча жергиликтүү ички иштер мининстрликтери «квадробикага»тыюуу салуу сунуштап,өзгөчө көзөмөлгө алышууда.