Суук түшүп кайрадан жылытуу иштери башталганда Бишкекти жыл сайын түтүн каптайт,быйылкы мезгил да четте калган жок. Шаардын үстүн азыртадан эле боз түтүн каптай баштаганын байкоого болот.
Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкекте кышында түтүн болбойт,анткени ТЭЦтеги баардык фильтирлер жаңыланып,көптөгөн кичи автобустар газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылганын билдирген.
Бирок бүгүнкү күндө дрон менен тартылган кадрларды көргөндө, шаардын үстүн былтыркыдай эле түтүн каптап баштаганын көрүүгө болот. Эң өкүнүчтүүсү сууктун башталышы менен анын масштабынын көбөйүүсү айтпасак да белгилүү.