25c21b53 d2e8 4bba 8d58
8 / 100

Саламаттык сактоо министрлиги 1-октябрдан тарта өлкө боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы башталганын жарыялады.

Демилге швейцариялык “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу” долбоору тарабынан колдоого алынып, бир айлык 18 жаштан жогорку аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелерине барууга шыктандырууга багытталган. Азыркы учурда долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

2020-2023-жылдар аралыгында кант диабети диагнозу менен 15 миңден ашык аял каттоого турса, 45 миң аял биринчи жолу гипертония оорусуна чалдыккан. Мындан тышкары, эмчек жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон калууда.

«Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана аларды эрте аныктоого жана оорулардын татаалдашуу коркунучун азайтууга багытталган.

Октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетинин өнүгүү тобокелдигин аныктап, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин текшертип, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. Бул үчүн алар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрыла алышат.

Loading

От admin