экрана 2024 10 01 102955
9 / 100

Учурда өлкө аймагында заманбап технологияларды анын ичинде жасалма
интеллекти колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын ИИМ билдирет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул багытта активдүү иш
алып барып, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп
жатканы менен, оңой олжого жана акчага азгырылып жаткан мекендештерибиз
аз эмес.

Жогорудагылардын негизинде, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы
дагы бир жолу эскертет:  Шылуундардын торуна түшүп калбоо үчүн жарандар
алгач алдамчылыктын түрлөрүн билип алуусу керек. Алар: Жалган
брокерлерден сунушу,  утуп алган байге  же эсепти бөгөттөө жөнүндө
билдирүү менен каттарды жөнөтүү, жумуш берүүчүлөр менен баарлашуу, 
пайда алуу максатында башкалардын аккаунттарды бузуп, алардын 
тааныштарына  кат жөнөтүү, фейк QR-код аркылуу кызмат көрсөтүүлөргө
төлөө,  мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын атынан келген
жалган чалуулар жана билдирүүлөр,  пайдалуу киреше сунуштары,
кайрымдуулук, туроператорлор же авиакомпаниялардын жасалма веб-сайттары.

Урматтуу кыргызстандыктар! Алдамчылардын айла-амалдарына кабылбаш үчүн
эмоцияга алдырбай, этият болуу керек! Өзүңүзгө, үй-бүлөңүзгө кам
көрүңүз.

Loading

От admin