WhatsApp Image 2024 09 30 at 12.16.36 2
12 / 100

2024-жылдын 27-сентябрында 3000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун
төрагасы А.Г.Н. кармалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында
судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен
кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң
райондук сотунун төрагасы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча
каражаты, калган 500 АКШ доллары ортомчудан алынган.
2024-жылдын 28-сентябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин
негизинде судья А.Г.Н.га карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын
Биринчи Май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрына чейин КР
УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы
тандалып алынды.
Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды
аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Loading

От admin