WhatsApp Image 2024 09 30 at 08.43.06
10 / 100

“Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү 5 жактоочусу кармалды. Аталган адамдар
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда экстремисттик идеологияны активдүү
жайылтышкан.
Тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик адабияттар жана
экстремисттик материалдар табылып алынды.
Жогорудагы адамдар «Йакын Инкар» ДЭАнын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу
максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин
системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.
Кармалган адамдар соттун чечими менен 1 айга Жалал-Абад шаарынын 53-мекемесине
киргизилди. Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча ДЭАнын
жактоочулары өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып,
жарандарды «Йакын-Инкар» ДЭАнын мүчөлөрүн аталган уюмдун Кыргыз
Республикасынын аймагында иштөөсүнө жол бербөө арызы менен мыйзамсыз
чакырыктарга алдырбоого, ошондой эле экстремисттик идеологиядан баш тартууга
чакырышты.
КР УКМК жарандарга КРда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик
уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет!

Loading

От admin