2019 12 12 15 01 10 829333
9 / 100

Бүгүн, 26 -сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев мектептерде  балдарды тамак менен камсыздаган ашпозчулар менен класстардын тазалыгын караган техничкалардын айлыгын көтөрүү керектигин айтып чыкты.

«Мугалимдердин айлыктары көтөрүлүп жатканы жакшы. Бирок, мектептердеги ашпозчулар менен класстардын тазалыгын караган техничкалар өтө аз айлык алышат экен. Мисалы, ашпозчулардын айлыгы болгону  9 миң сом.  Ал эми техничкалардын айлыгы болсо 5561 миң сом гана экен. Бүгүнкү күндө кымбатчылыкта 5 миң сомго  ким иштейт?  5600 сомго иштегенге техничкаларды таппай жатабыз дешүүдө.  Мамлекеттен бөлүнгөн акчаны беришсин, ушуга бир көңүл буруп койсоңуздар»,-деди депутат. 

Loading

От admin