8 / 100

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Джумабеков экология маселесине кайрылып, Бишкек шаарынын айланасындагы айылдарды газдаштыруу маселесине көңүл бурду. Аны менен катар депутат Талас облусу аркылуу өтүүчү газ куурунун жанында жашаган айылдарды да газдаштыруу керек экенин баса  белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө  Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын айланасында газдаштыруу  маселеси толук бүтпөй жатат. Ал эми ишти  эртелетип бүтүрүү үчүн  Министрлер Кабинети тарабынан  жетиштүү  каражат маселеси убагында каралышы керек. Ошондо гана иштер жүрөт. 

Аны менен катар  Талас облусунда  эл аралык газ трубасы өтөт. Ал эми ошол эл аралык газ трубанын  үстүндө жашаган айыл тургундары бар .

Алар: Шекер, Көк-Сай , Арчагул , Кайнар, Суулу-Маймак,Ак-Чий ,Сатыкей, Аманбаев, Ак-Жар  айылдары. Бул айылдар  туура ошол газ трубанын  үстүндө жайгашкан.

Андыктан айыл эли  бизге ошол газ түтүкчөсүн кошуп бергиле деп суранып жатат. Бул элдин суранычын чечүү үчүн  Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп берилсе эле ишке ашканы турат»,- деген эл өкүлү өкмөттү ушул маселеге көңүл бурууга чакырды. 

Loading

От admin