MyCollages 2
10 / 100

Бүгүн Бишкекте «Органик Экспо 2024» регионалдык форуму жана көргөзмө-жарманке өтүүдө.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Президенттин Кыргызстандагы атайын өкүлүнүн Секретариаты жана Жогорку Кеңеш уюштурган. Ошондой эле аталган иш-чараны ЕККУ (ОБСЕ), Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Германиянын
техникалык кызматташтык агенттиги, Ага Хан өнүктүрүү уюму жана башка
эл аралык уюмдар колдошкон.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин орун басары
Б.Э. Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, Суу
ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин
өкүлдөрү, Президенттин атайын өкүлү жана Борбордук Азия
республикаларынын министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү
келип, сөз сүйлөштү.
10дон ашык өлкөдөн 200дөн ашык эксперт жана 50 спикер органикалык айыл
чарба, экология, климат, туруктуу өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча
катышууда.
Алгач, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн
катышуусунда салтанаттуу ачылыш болуп, андан соң «Органик ЭКСПО 2024» органикалык жана экологиялык азыктардын жарманке-көргөзмөсү башталды.

Жарманке 20-21-22-сентябрга чейин болмокчу.

Loading

От admin