scale 12000333 1
13 / 100

Кыргызстанда 18-сентябрдан тарта импорттолгон дары-дармектер менен медициналык каражаттардан кошумча нарк салыгы кайрадан алына баштады

Министрлер кабинетинин 27-августтагы №528 токтому менен буга чейинки жеңилдик берилген тизме жокко чыгарылды.

2023-жылы үч жүздөн ашуун дары-дармектен жана медициналык каражаттан турган тизмени кошумча нарк салыгынан бошотуу фармацевтикалык рынокту легалдаштыруу жана бааны түшүрүү мүдөөсүн көздөгөн. Чечимдин демилгечилери буга чейин берилген жеңилдиктерди фармацевтикалык компаниялар өз кызыкчылыгына колдонуп, рыноктогу бааны түшүрүүгө эмес, жеке пайда табууга көбүрөөк ыктап калышканын билдирген.

Бул тизме 317 аталыштан турган. Тизме Министрлер кабинетинин 2023-жыл, 18-апрелдеги токтому менен бекитилген.

Салык кызматынын кыйыр салыктар башкармалыгынын башкы инспектору Гүлнура Турусбекова буга чейин жеңилдик менен киргизилип келген дары-дармектер менен медициналык каражаттарга кошумча нарк салыгынын чегерилишин мындайча маалымдады:

“Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрынан баштап бул тизмеге киргизилген дары каражаттары, медициналык буюмдар, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдар кошумча нарк салыгы менен сатыла баштайт. Негизи кошумча нарк салыгы бул товарларды республикага киргизип жатканда, анан Кыргызстандын территориясында сатылып жатканда алынат. Киргизилип жатканда бажы органдары алышат. Кыргызстандын ичинде сатылып аткан кошумча нарк салыгын салык органдары жыйнайт. Кошумча нарк салыгы 12% түзөт. Бул дарылар сатыла баштагандан кийин, ошого жараша баалар да 12% жогорулайт”.

Ошол эле маалда, Экономика жана коммерция министрлиги мурда кошумча нарк салыгынын киргизилиши дары рыногундагы баалардын туруктуулугуна таасир этпейт деп ишендирген.

Өкмөттүн болжолунда бул салыктын кайра киргизилиши менен бюджетке бери дегенде 1-2 млрд сом кошумча киреше түшмөкчү. Салык кызматы буга чейин билдиргендей, топтолгон акчаны мамлекет саламаттык сактоо тармагына жумшайт. Маселен, гемодиализ алгандардын, кант диабети жана онкология оорулары менен жабыркагандардын муктаждыктарын убагында чечкенге колдонулат.

Loading

От admin