8 / 100

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Астана шаарында “Борбор Азия — Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты.

Ошондой эле ал Германиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Президент бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кыргыз тарап менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө бурду. Анда ал Германиянын логистикалык компанияларына Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Президент Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин баса белгиледи. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт.

Андан соң Эгемендүүлүк сарайында Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Германиянын Федералдык канцлерин тосуп алуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. Иш-чарага Казакстан, Германия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышты.

Андан кийин өлкөлөрдүн лидерлери “Борбор Азия — Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Саммиттин катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстандын инвесторлорду тартуу жана Ишкерлердин укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан активдүү чараларга бурду.

Андан соң мамлекет башчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен бирге Германия бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы инвесторлор үчүн жеңилдиктер жана преференциялар бар экенине басым жасады.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 17-сентябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Loading

От admin