photo 2024 09 13 12 14
8 / 100

Бүгүн Бишкектеги Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун базасында Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бөлүмдө жүрөк оорусуна чалдыккан балдар дарыланат жана хирургиялык операциялар жасалат.

Салтанаттуу иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери жана башка коноктор катышты.

Беш кабаттуу бөлүм 75 орунга ылайыкталат. Анын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат. Долбоордун жалпы суммасы 375 млн сомду түзөт. Бөлүм 2025-жылдын март айында пайдаланууга берилет.

Loading

От admin