экрана 2024 09 13 134449
10 / 100

Окуя 12-сентябрда Жапа-Салды айылында саат 16:55 чамасында болгон. Милициянын айтымында, 25-30 жаштагы кишилер уруша кеткен. Кылмышка шектүү 25 жаштагы адамдын унаасын кууп келип, ага ок чыгарган. Кароо учурунда андан бир даана гильза алынганы маалым болду.

25 жаштагы ок жеген жигит ооруканага жеткирилди. Ал эми аткан киши буга чейин Россияда каракчылык үчүн соттолгону айтылды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Loading

От admin