1 1
8 / 100

2024-жылдын 12-сентябрь кунү белгисиз атуул тарабынан  жашы жете элек
балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүлүп жаткан видео WhatsApp
группаларга тарап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып,
тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып аткан белгисиз атуул  Алай
районунун 1985-жылы туулган И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына
жеткирилген.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби,
жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуу
максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында
эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалымат болгон. Милиция
кызматкерлери видеотасмадагы жаш баланы кароого алып, дарыгерлерге
көрсөтүшүп, денесинде эч кандай жаракат аныкталган эмес.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга катыштыгы бар жарандар
суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим
кабыл алынат.

Loading

От admin