images
8 / 100

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууда экенин, ал кабыл алынганча бир топ өзгөрүп кетиши ыктымалдыгын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын укуктук камсыздоо жана эсептик каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Курбаналиев билдирди.
 
«Мыйзамга дин жайылтуучу (проповедник) деген термин киргизилүүдө. Мыйзам кабыл алынса анын алдындагы нормативдик актыларга бардыгын так жазып, атайын күбөлүк берилип, көзөмөлгө алынат. Анткени коомдо таанымал, бирок динди жакшы түшүнбөгөн адамдар динди туура эмес жайылтып алып, талаш жаратып алышы ыктымал«, — деди Курбаналиев брифингде.

Loading

От admin