hd
8 / 100

Күн мурун Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору I окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Насирдинов тааныштырды.

Мыйзам долбоору өлкө аймагында эпизоотиялык бакубаттуулук жана тамак аш коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо максатында иштелип чыккан.

Талкууда депутат Русланбек Жакышев республика аймагында идентификациядан өткөн малдардын санын тактап, анын учурдагы абалына кызыкты. Депутат Бекмурза Эргешов административдик аймактык реформанын негизинде жайыт комитеттеринин жергиликтүү бийликтин карамагына кошулушу, жайыттардын деградациясын алдын алуу сыяктуу маселелерге көңүл бурду.

Эл өкүлү Динара Ашимова жайлоолордо иштетилбей, өрттөлүп жаткан жүндөрдү зыянсыз жок кылуу же кайра иштетүү жагын карап көрүүнү сунуштады. Депутат Айсулуу Мамашова жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен зыянга учураган фермерлерге колдоо көрсөтүү жагын белгиледи.

Жайыттарды жакшыртуу жана анын тартыштыгы маселесине токтолгон депутат Бакытбек Марипов анын бюджетине чегерилүүчү жергиликтүү бюджеттик каражаттарды сурады. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Арсланбек Эгембердиев жайыттарга чөп уруктарын себүү боюнча министрликтин иш-аракеттерин тактады.

Ошондой эле жыйында «КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Loading

От admin