WhatsApp Image 2024 09 03 at 10.13.24
10 / 100

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуу идеологияга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын алкагында 2024-жылдын 2-сентябрында Сузак районунун тургуну У.Ш.А. (03.23.1984) алынып келинген.
Аталган У.Ш.А. аттуу жаран менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алынган, анткени социалдык тармактарда анын «Салим Байбача» деген ат менен таанымал, КР аймагында издөө жарыяланган кримавторитет Абдувалиев Салимбай менен түшкөн сүрөтү активдүү таркатылган.
Жүргүзгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жыйынтыгында У.Ш.А. криминалдык идеологиядан баш тартып, мамлекеттик өнүгүүнүн позитивдүү тенденцияларын жана Кыргыз Республикасынын белгиленген саясий багытын колдоону белгиледи.
Белгилей кетсек, У.Ш.А. мурда Сузак айылдык кеңешинин депутаты болуп, 2023-жылдын декабрь айында жер тилкелери менен алдамчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилин жок кылуу максатында Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган. Ошол эле учурда У.Ш.А. Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имаратын оңдоого бөлүнгөн 6 млн сом зыяндын ордун толтуруп берген.

Loading

От admin