8 / 100

Сейитбек уулу 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, кубалык Орта Родригес менен кез келди. Беттештин жыйынтыгы менен калыстар Мунарбек Сейитбек уулун жеңүүчү деп тапты.

Эми ал чейрек финалда америкалык Жамал Харви менен беттешет. Таймаш 3үнөн 4-августка караган түнү саат 00:00до болот.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Loading

От admin