2024 07 21 20 44 24 154614
9 / 100

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы үчүн параддык форманы атамекендик дизайнерлер: Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Аранов Владимир Михайлович жана Нурсултан Муратов иштеп чыгышты. Форма Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсүн чагылдырат жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен спортчулар үчүн ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыз кылат. Форманын ичинде бут кийим, толугу менен ата мекендик өндүрүштүн жогорку сапаттагы материалдарынан жасалган. Ал эми бир комплектинин баасы (трикотаж кофта, юбка/шым, күрмө жана бут кийим) 36 миң сомду түздү. Параддык жана спорттук формадагы фотосессияга спортчулар, Париждеги Олимпиада оюндарынын катышуучулары, сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Елизавета Печерски жана 2024-жылы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, 2022-жылы Жайкы Азия оюндарынын чемпиону дзюдочу Эрлан Шеров катышты.

Loading

От admin