whatsapp image 2023 07
12 / 100

 Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган VIP класстагы вагонго билеттер сатыкка чыкты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Ага ылайык, жүргүнчүлөр 19-июль, саат 14:00дөн тарта аталган багыт боюнча билеттерди сатып ала алышат. VIP класстагы вагон жума күнү, тактап айтканда, 21-июлдан тарта каттап баштайт.

Билет баасы чоңдор үчүн 800 сом, балдарга 400 сом.

«Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Балыкчы» бекетине саат 11:46да келет.

«Балыкчы– Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» бекетине 21:54тө келет. Сурап билүү үчүн байланыш номерлери: 0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.

VIP вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун структуралык бөлүгү бекемделген. Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы оюмдары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюлар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар жагымдуу атмосфераны тартуулайт.

Loading

От admin