2716272.e5951d2e29519fee1dc0345f59b4203f
8 / 100

Украина тарап Россияга тиешелүүбомбалоочу учакты алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын коом менен байланыш борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, украиналык тыңчылар россиялык учкучка Ту-22МЗ учагын Украинанын аймагына кондуруп берүүсүн сунушташкан. Кызматы үчүн учкучка Италиянын жарандыгы жана болжол менен 3 млн доллар берилмек. Кызмат ошондой эле бул ишке НАТОго мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын да тиешеси бар экендигин аныктаганын билдирди.

Ty-22M3 ракета учуруучу-бомбалоочу учак. Башкарылуучу ракеталар жана аба бомбалары менен деңиз жана кургактыктагы объектти бутага алуу үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле аны менен ядердик курал да ташыла алат.

Loading

От admin