361637880 666205028885560 7999804707811490331 n
8 / 100

Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Кырсык катталган суу жээгине издөө иштерине Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, жардамга 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар тарабынан А.Э. аттуу аял кишинин сөөгүн суудан чарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми кичинекей кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Аны издөө 19-июлда улантылмакчы. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет

Loading

От admin