WhatsApp Image 2024 07 04 at 17.27.14
8 / 100

2024-жылы 4-июль күнү Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын борбордук көчөсүнөн белгисиз айдоочу, өңү ак түстөгү белгисиз автоунаасы менен ушул эле айылдын тургуну 2009-ж.т. С.А.У аттуу жаш өспүрүмдү велосипед тээп бара жаткан жеринен  сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жол кырсыгы Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, жол кырсыгын жасап окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен айдоочуну табуу максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Көрүлгөн иш чаралардын негизинде, Жети-Өгүз райондук ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыш иши изи сууй электе ачылып, белгисиз айдоочу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну 1997-ж.т. А.У.А. болуп аныкталып, өзүнүн “Ауди-С4” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кармалып, автоунаа айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Loading

От admin