IMG 20240705 101847
9 / 100

Окуя 21-июнда болгон. Видеодон депутат унаа токтотуучу жайдан күзөтчүнү автосу менен жөөлөп өткөнүн, кызматкер ага бир нерсе деп айтканын байкоого болот. Ажибаев унаадан түшүп күзөтчүнү түрткөндө, ал аны жерге жыгып, мушташа кетишкен. Депутат соцбаракчасы аркылуу окуя боюнча үн каткан. Анын айтымында, күзөтчү жаман сөздөр менен сөгүнгөн. Унаада кичинекей баласы менен жубайы болгондуктан сыртка чыга калган. Окуядан кийин милицияга кайрылган, бирок күзөтчүлөр кечирим сурагандыктан арызын кайтарып алган. Милиция фактыны тастыктап, чатактын катышуучулары бири-бирине доо коюудан баш тартканын тастыктады.

Loading

От admin