Отadmin

Июл 4, 2024
WhatsApp Image 2024 07 04 at 13.16.02 1
12 / 100

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча кесиптештери менен биргеликте шектүү жарандарды аныктоого жетише алышкан. Алар Балыкчы шаарынын 21 жаштагы тургуну А.Н. жана Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын тургуну З.Т. болуп чыгышты жана 27-июнь күнү шектүү жарандар Бишкек шаарынын аймагында колго түшүрүлгөн.

Жеке тинтүү жана Бишкек шаарында жашаган жери боюнча кечиктирилгис тинтүү иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан далил зат катары өсүмдүктөрдөн алынган заттар, атайын ингредиенттер, электрондук таразалар, расфасовка кылуу үчүн жабдуулар жана желим баштыктар табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча алынган өсүмдүк заттары «Спайс» жана «Мефедрон»деген ат менен белгилүү болгон психотроптук жана синтетикалык баңги заттарына таандык экенин көрсөттү. Алынган баӊги затынын жалпы салмагы 2 килограмм 270 граммды түзгөн.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр А.Н. жана З.Т. үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап синтетикалык баңги каражаттарын мыйзамсыз таратуу менен алектенишип келгендигин, андан кийин синтетикалык баңги заттарды өздөрү даярдап, таратууну чечишкени аныкталган. Бул максатта, алар Бишкек шаарынан батир алып, ал жерден синтетикалык баңги заттарды жасашкан, андан кийин аларды Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында «бомба» (дүң коймо) түрүндө коюшкан. Кийинчерээк, “Телеграмм канал” аркылуу бирден таратуучулар үчүн жашырун коюлган жерлер көрсөтүп келишкен.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында баӊги заттарынын 638 жашырун коюлган жерлер аныкталып, анда желим баштыктарга салынган өсүмдүктөрдөн алынган заттар алынган.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертиза алынган заттар психотроптук жана синтетикалык баңги затка таандык экенин жана анын жалпы салмагы 1 килограмм 640 граммды түзгөнүн тастыктады.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, “Жашырун базарда” шектүү А.Н. жана З.Т. алынган бардык синтетикалык баңги каражаттарынын баасы 6 миллион сомдон ашыкты түзөт.

Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүүлөргө карата тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Loading

От admin