photo1720075369
8 / 100

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен вице-мэр Жамалбек Ырсалиев бүгүн жумушка автобус менен барышты.

Вице-мэр экөөнүн сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жүктөп: «No car day. Бүгүн күнгө бейшемби. Мэрдин демилгеси менен ар аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрөбүз. Максатыбыз шаарыбыздын көйгөйлөрүн эл аралап көрүп, маселени жеринен чечип бериш. Таң агаргандан баштап түн ортосуна чейин иштеп жүрөбүз. Эмгегибиз Кудайга жаксын, элибизге жаксын. Элибиз эмгекти баалап,туура сын-пикирлерин айтып турса биз да кемчиликтерди түздөп иштей беребиз. Шаарыбыз үчүн ак эмгек кылып жаркын келечеке умтулабыз. Шаардын тарыхына жакшы иштерибиз менен элибиздин эсинде калгыбыз келет. Сиздерге терең урматыбыз менен кызматыбыз сүйүктүү борборубуз үчүн!»,-деп жазган.

Мэриянын кызматкерлери шаардагы унаа тыгынын жоюу үчүн ар шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен жүрүүдө.

Loading

От admin