DSC02642 scaled
12 / 100

“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жол чарба филиалы темир жолдун боюна темир тосмолорду орнотту.

Аталган мекеменин Басма сөз кызматы билдиргендей, бул чаралар кырсыктардын алдын алуу жана калктын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган. Тосмолорду орнотуу адамдардын темир жолдо негизсиз  жүрүүсүн азайтат, ошондой эле, адамдар менен поезддердин кагылышуу коркунучун алдын алат.

Учурда төмөнкү калк жайгашкан тилкелерге 9 км (темир жолдун эки тарабына 4,5 километрден) темир тосмолор орнотулду:

• Кара-Балта шаары

• «Ала-Тоо» турак-жай аянты

• Бишкек шаары

Буга чейин мамлекеттик ишкананын кызматкерлери темир жолго жакын жайгашкан орто мектептердин окуучулары арасында бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул алдын алуу иш-чаралары компаниянын 2023-жылга карата планына ылайык жүргүзүлдү.

Loading

От admin