MyCollages 38
9 / 100

Ленин РИИБиси билдиргендей, Тез жардам кызматына 30-июнда баланын ичи ооруп жатат деген чалуу түшкөн. Педиатриялык бригада айтылган дарекке барып, бейтапты көргөн соң ооруканага жаткыруунун зарылдыгы жок экенин айткан.

«Баланы текшерүү учурунда ооруканага жаткыруу белгилери болгон эмес; Баланын апасы ооруканага жеткирүүнү талап кылып, дароо дарыгерге кол салган. Балдар дарыгери баш мээси чайкалып, гематомалар менен Улуттук госпиталга жаткырылды. Анын үстүнө дарыгер кош бойлуу. Милицияга арыз жаздык. Арыз кабыл алынды. Укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт деп күтөбүз», — деген Тез жардам борборунун башчысы Егор Борисов

Милиция тергөөгө чейинки иликтөө иштерин баштап, экспертизаларды дайындады.

Loading

От admin