photo1719810188 1
12 / 100

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Парижде өтө турган 2024- жылкы жайкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бара жаткан грек-рим, эркин күрөш жана кыз-күрөшү боюнча курама командасынын
мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.
Камчыбек Ташиев алдыда боло турчу жайкы олимпиада оюндарында кыргыз балбандары өзгөчө жеңишке жетишет деген тилектештигин айтып, ак жол каалап, күрөшчүлөргө акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.
Белгилей кетсек, Парижде өтө турчу 2024-жылкы жайкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча 10 жолдомо алынды.

Loading

От admin