1632366122
12 / 100

Парижде өтө турган Жайкы Олимпиаданын башталышын утурлай артка санак уланууда. 28 күндөн кийин ири мелдешке старт берилет.

Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августта чейин созулат. Анда спорттун 32 түрү боюнча 329 медалдардын топтому ойнотулат.

Кыл чайнашкан беттештерге дүйнөнүн булуң-бурчунан мыктыларды мыктылары өз өлкөсүнүн намысын коргогонго барышат.

Кыргызстандан Париж олимпиадасына 15 спортчу катышат.

Белгилей кетсек, Париж тарыхында Олимпиаданы үчүнчү ирет өткөрүүгө камынып жатат. Буга чейин Франциянын борборунда Жайкы оюндар 1900-жылы жана 1924-жылы азыркы оюндарга туура жүз жыл калганда өткөн болчу.

Loading

От admin