MyCollages 35
8 / 100

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын Алматы шаарында каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык кыздын өлүмү тууралуу комментарий берди.

Маалыматка ылайык, 26-июнда маркум (У.К.Н.) Алматы шаарынын Сейфуллина №31/50 көчөсүндө жайгашкан кабат үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшүп, алган оор жаракатынан каза болгон. Министрлик ал Алматыга ушул жылдын 21-майында барганын кошумчалады.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу маркумдун сөөгүн мекенине алып чыгып кетүүгө уруксат алган. Ушул тапта “жүк 200” аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүрүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматы боюнча ушул тапта чет өлкөлөрдө 657 миңден ашуун Кыргызстандын жараны жүрөт. Анын 60 миңдейи Казакстанда.

Loading

От admin