1
6 / 100

Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин
2023-жылдын биринчи жарым жылына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес
кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37,8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19,5 %
ын түзөт.
2023-жылдын биринчи жарым жылына карата жалпы норматив менен жеткирилген
салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22,6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда
аткарылган планы 37,8 млрд сом болуп, пайыздык көрсөткүч такталган планга карата 121,5
% ды түдү. ЖЕ БОЛБОСО БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА
БЕКИТИЛГЕН ПЛАНДАГЫДАН 15,1 МЛРД СОМГО АШЫКЧА ЖЫЙНАЛГАН.
Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси
көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга 6 айына карата салыштырмалуу кирешелер 12,5 млрд сомго
көп жыйналып, өсүү ыргагы 149,7 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын “2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-
жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына ылайык дивиденддердин план 3 200,0 млн. сом
өлчөмүндө каралган. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча
дивиденддерден түшкөн иш жүзүндөгү киреше 11 170,8 млн. сомду түздү, б.а. жылдык
планга карата 349,1 % аткарылган, ал эми 6 айдын планы 1600,0 млн.сом ѳлчѳмүндѳ
бекитилген, такталган 6131,8 млн. сом планга ылайык аткарылуусу 182,2% ды түздү жана
биринчи жарым жылдыгына карата пландан 5039,05 млн. сомго ашыкча жыйналган.
КРФМ

Loading

От admin