экрана 2023 07 17 170205
8 / 100

Социалдык тармактарда урушуп жаткан дарыгерлердин видеосу тарады. Маалыматка караганда окуя Чүй облусунун Панфилов райондук жалпы дарыгерлер практикалоо борборунда тартылган.

Окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координаторлугу төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

«Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун Вознесеновка айылындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун санитары Н.М.Б.га 2023-жылдын 1-июнунан эмгек өргүүгө кеткенине байланыштуу жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директорунун буйругу мкенен К.К. аттуу айым убактылуу санитар болуп, ишке кирген. Ага 1 айлык акысы төлөнүп берилген.

К.К. бир ай эле иштеп кетиши керек болчу. Ал андан ары жумушту улаганга укукугу жок. Анткени эмгек өргүүгө кеткен М.Н.Б. жумушка келди жана андан башка бош штат бирдиги жок. Жумушка алыш үчүн арыз керек. Эгер администрация анын арызын алса, ЖДПБнын директору кол коюп, буйрук чыгарыш керек. Ансыз иштей албайт.

Интернетте жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Ага далил тиркемедеги документтер бар. К.К. убактылуу ишке алынгандыгы жана М.Н.Б.нын эмгек өргүүгө чыккандагы буйругу, К.К.нын убактылуу иштеген бир айда алган айлыгынын тарификациясы жана жумуш убактысын пайдалануу табелинин көчүрмөсү бар», — деп айтылат маалыматта.

Loading

От admin