экрана 2023 07 17 151206
9 / 100

Социалдык тармактын колдонуучулары айланма жолдо кичи автобус оодарылып жаткан видеосу менен бөлүшүштү.

Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгын маалыматына караганда, «16-июлда болжол менен саат 06:20 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, унаа башкаруу учурунда уктап калып, ошол эле багытта бара жаткан Мерседес Бенц-311 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, жол кырсыгына учураган.

Жол кырсыктын кесепетинен Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана ичиндеги жүргүнчүлөрү жаракат алышып, Кемин райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Калган маалымат такталып жатат»,— дешти.

Loading

От admin