8 / 100

 Бишкекте үч күн бою ирандык тасмалар акысыз көрсөтүлөт.

Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Иран киносунун жумалыгы өтөт.

Кинофестиваль 11-15 июнда уюштурулат.

Иш-чарада ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө тартууланат:

12 июнь:

— 13:30 — «Алдын ала келишим жок» (2022), режиссер Бехруз Шоайби;

13 июнь:

— 10:30 — «Капитан» (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;
— 13: 00 — «Факультеттеги экинчи курсум» (2019), режиссер Расул Садыр Амели;

14 июнь:

— 10: 30-» Дельфин бала » анимациялык тасмасы (2022), режиссеру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;
— 13: 30 — «Кыздар тобу» (2022), режиссер Монир Гейди.

Loading

От admin