Соңку учурда өлкөдөн алтын чыгарылып кетти делген видео тарап, ал кызуу талкууну жаратууда. Буга байланыштуу «Кабар» агенттиги мамлекет башчысына бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алды.

— Асхат Осмонов аттуу жаран социалдык тармакта “Кыргыз алтынын чет өлкөгө жашыруун чыгарып кетүүдө” деген видео таратты. Ал ачык эле сиздин байкеңиз Сабыр Жапаровду бул ишке тиешеси бар деп чыкты. Ушул маселе боюнча сиздин комментарий?

— Ал видеону көрүп, менин күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт.

Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камераларды коюп, баарын онлайн режимге (санарипке) киргизип койгонбуз. Күнү-түнү дебей видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турат. Аны миңдеген адистер түз эфирде карап олтурушат. Ал видеолор сакталат. Бирөө жарым бир грамм алтын уурдайт деген эч кимдин түшүнө да кирбейт. Муну баары жакшы билишет.

Эгер кокус эле кимдир бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден бир килограмм алтын уурдап кармалса, мейли ким болбосун, жүз эсе кылып мамлекетке кайтартабыз. Мындай кайтаруу иштери бир эле алтын кен тармагында эмес, башка тармактарда да болуп жатканын өзүңүздөр жакшы билесиздер. Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып атышат.

Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем.

Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын. Кыскасын айтсам, биз бүгүнкү бийликте олтурган командабыз жана бир туугандарыбыз менен өлкөдөн чыгарып кетүү эмес, өлкөбүзгө ташып келуу менен алекпиз.

Мисалы, мага чейин жана мен бийликке келгенден баштап алтындан кандай пайда алганыбызды статистикалык маалыматтар, сандар менен айта кетейин. Ушундан эле мурда кандай уурулуктар болгонун өзүңүздөр жыйынтык чыгарсаңыздар болот. Азыр мурдагыдай уурулук токтогон.

“Кыргызалтындан” 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 миллион сом гана болгон.
2021-жылы дароо эле 2 миллиард 700 миллион сомго көтөрүлгөн.
2022-жылы 5 миллиард 600 миллион сом болду.
2023-жылы 12 миллиард 600 миллион сомго жетти.

Мындай сандар бир эле “Кыргызалтын” менен “Кумтөрдө” эмес, бажы менен салык системасында дагы ушундай көтөрүлдү. Демек, кайсыл убактарга чейин кайсыл тармактарда уурдалып келгенин өзүңүздөр баамдап алыңыздар. Ал эми “Кумтөрдүн” алтыны боюнча кеп кылсак, таптакыр эле башка сөз. Эгемендик алган жылдарыбыздан бери 2020-жылга чейин улуттук запасыбыз болгону 16 тоннага жеткен. Бүгүнкү күндө биздин улуттук запасыбыз 52 тоннаны түзөт. Бул биздин акыркы үч эле жылда жетишкен ийгилигибиз. Жылдын аягына чейин бул сан дагы жогорулайт. Ошондуктан ар кандай жасалма видеолорго ишеничтин кереги жок. Убакыт баарын өз ордуна коёт.

Азыр жасалма интеллект менен ар бир адамдын үнүн окшоштуруп видео жасап коё берсе болот. Мен былтыр биринчи жолу менин үнүм менен реклама жасап койгон видео-материалды көрүп, таң калгам. Пресс катчыма телефон чалып «Мен качан, кайсыл жерден ушинтип сүйлөдүм эле?” деп сурасам, “Бул компьютер аркылуу, “жасалма интеллект” менен жасалган видео экен” деп жооп бергенден кийин билгем. Азыр технология ай сайын эмес, саат сайын өнүгүп жаткан мезгил. Ошондуктан ар бир маалыматты ар бир адам өзү талдап, андан кийин ишениш керекпи же жокпу өзү билиши керек.

От admin